Редакцияот 11.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XVI сессиясы

2024-жылдын 21-февралы №16/3                                      

Ылай-Талаа  айылындагы эски мончонун имаратын ижаралык негизде пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө

 

           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 1-главасынын 27-беренесинин 1,2-“Муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндөгү” пунктуна жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 1-главасынын 2-статьясынын 2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа  айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун маалыматын, Ылай-Талаа  айылдык   Кеңешинин  бюджет боюнча  туруктуу комиссиясынын  жыйналышынын  берген сунушун   угуп  жана талкуулап  Ылай-Талаа  айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ылай-Талаа  айылындагы эски мончонун имаратын ижаралык негизде пайдаланууга уруксатберилсин.

2. Кайрылган жеке ишкер менен тиешелүү документтерди тактап ижаралык келишим түзүп, түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып баруу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы   Ылай-Талаа айылдык    Кеңешинин  социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадамбаева) тапшырылсын.

Төрага:

Н.Айтбаев