Редакцияот 03.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги  XV cессиясы

2021-жылдын 3-декабры № 15/4

Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 5-ноябрындагы №1-44-3289-21 ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштамасы жөнүндө

 

Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 5-ноябрындагы №1-44-3289-21 ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштамасын  карап  жана талкуулап  шаардык  кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 5-ноябрындагы №1-44-3289-21 ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштамасында көрсөтүлгөн декларация тапшырбаган жана маалыматтарды толук көрсөтпөгөн депутаттар өз мөөнөтүндө, маалыматтарды толук камтуу менен декларация тапшыруу жагы милдеттендирилсин.

 

2. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасынын орун басары:

 

В. Орозмаматова