Редакцияот 11.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XVI сессиясы

2024-жылдын 21-февралы №16/4                                      

Ылай-Талаа  айыл өкмөтүнүн  2023-жылга каралган бюджетинин пайдаланылбай калган суммасын Сай айылындагы элдин эсебинен ашар жолу менен курулуп жаткан спортзалга чыгымдоого макулдук берүү жөнүндө

 

           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 2-главасынын 27-“Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу жөнүндөгү” беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин” VI бөлүмүнүн 9-главасынын 47-беренесинин 1-пунктуна ылайык Ылай-Талаа  айыл  өкмөтүнүн 2023-жылга каралган бюджетинин пайдаланылбай калган суммасы тууралуу  айыл өкмөтүнүн  ФЭБ  башчысы О.Мамасали кызынын  маалыматын, Ылай-Талаа  айылдык    Кеңешинин бюджет боюнча  туруктуу  комиссиясынын жыйналышынын  берген  сунушун  угуп  жана  талкуулап Ылай-Талаа  айылдык   Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ылай-Талаа  айыл өкмөтүнүн  2023-жылга каралган бюджетинин пайдаланылбай калган 1073806,2 (бир миллион жетимиш үч миң сегиз жүз алты) сом акча каражатын Сай айылындагы элдин эсебинен курулуп жаткан спортзалга чыгымдоого макулдук берилсин.

2. Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы   Ылай-Талаа айылдык    Кеңешинин  социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадамбаева) тапшырылсын.

 

Төрага:

Н.Айтбаев