Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XVI сессиясы
2024-жылдын 21-февралы №16/5
Ылай-Талаа айыл аймагындагы Т.Назаров мектебинин жаңы имаратын Ылай-Талаа айылындагы курулуп жаткан спортзалдын жанындагы трансформация болгон жер аянтына курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 2-главасынын 27-беренесинин 1 жана 15-пункттарына жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин” I бөлүмүнүн 2-главасынын 13-статьясынын 3- “Жерге жайгаштырууну уюштуруу” пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагындагы Т.Назаров мектебинин жаңы имаратын Ылай-Талаа айылындагы курулуп жаткан спортзалдын жанындагы трансформация болгон жер аянтына курууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин титулдук тизмесинин капиталдык салымдар беренесинин планына кирген Т.Назаров атындагы мектебинин жаңы имаратын куруу боюнча тиешелүү документтерин даярдап курулушка көмөк көрсөтүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.
Төрага: | Н.Айтбаев |