ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясынын
2024-жылы 26-январы №14
« Жаңы-Жол айылынын тургуну Алтыбаев Иездбекке “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айылдык кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Жаңы-Жол айылынын тургуну Алтыбаев Иездбекке Жаңы-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Ардактуу атуул наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Өзүбеков |