Редакцияот 11.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XVI сессиясы

2024-жылдын 21-февралы №16/6                                     

Ылай-Талаа  айыл  аймагынын Ылай-Талаа айылындагы Кызыл-Аңгел участкасына сугат суу чыгарууга ПСД даярдоо үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салымын карап берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын  3-главасынын 34-беренесинин жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин  Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын  2.2-пунктуна-“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа  айылдык    Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ылай-Талаа  айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы Кызыл-Аңгел участкасына сугат суу чыгарууга ПСД даярдоо үчүн Ылай-Талаа айыл  өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетинин эсебинен 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызына милдеттендирилсин.

 

2. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы   Ылай-Талаа айылдык    Кеңешинин  социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадамбаева) тапшырылсын.

 

Төрага:

Н.Айтбаев