Редакцияот 11.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XV сессиясы

2024-жылдын 26-январы №15/7                                     

“НУР Телеком” ЖЧКнун базалык станциясын жайгаштыруу үчүн жер тилкесин убактылуу ижарага берүү жөнүндө

 

 

Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылындагы мектептин маңдайындагы дөңсөөдөгү таштак жайыт жерден “НУР Телеком” ЖЧКнун базалык станциясын жайгаштыруу үчүн жер тилкесин убактылуу ижарага берүү боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык  Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылындагы мектептин маңдайындагы дөңсөөдөгү таштак жайыт жерден “НУР Телеком” ЖЧКнун базалык станциясын жайгаштыруу үчүн 6,0 (алты) чарчы метр жер тилкеси мөөнөттүү келишимдин негизинде чектелип убактылуу ижарага берилсин.

2. Жогорудагы аты аталган жер тилкесине тиешелүү документтерин даярдап бүтүрүп, келишим түзүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы   Ылай-Талаа  айылдык Кеңешинин  агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.

Төрага:

Н.Айтбаев