Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депуттарынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 12-сентябры № 88
№3 М.Нурбаев атындагы орто мектебинин директору А.Сайдакматовдун өтүнүч каты жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция» боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №3 М.Нурбаев атындагы орто мектебинин директору А.Сайдакматовдун өтүнүч катынын негизинде мастерскойду, машина токтотуучу жайды жана эски автотранспорттор ГАЗ 53-12, ГАЗ 52, ГАЗ 52-04,ГАЗ 51-19,москвич М -426 машиналары айыл өкмөтүнүн эсебинен чыгарылып берилсин.
2. Мастерской,машина токтотуучу жайды жана эски автотранспортторду айыл өкмөттүн эсебинен чыгаруу жана түшкөн каражаты айыл өкмөтүнүн казынасына которулсун.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге жүктөлсүн.
Төрайым | Г. Жороева |