Редакцияот 11.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

Бириккен Ылай-Талаа айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы

2024-жылдын 21-февралы №1/1                                     

Бириккен Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

               1. Бириккен Ылай-Талаа  айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №1 протокол бекитилсин.

 

               2. Кадыркулов Абдырасул Акасович Кара-Кулжа районундагы бириккен Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылдык кеңешинин шайланган төрагасы деп таанылсын.

                

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага:

А.Ормонова