Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Ылай-Талаа айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 21-февралы №1/2
Бириккен Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №2 протокол бекитилсин.
2. Исабаев Мелис Тыныбекович Кара-Кулжа районундагы бириккен Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылдык кеңешинин шайланган төрагасынын орун басары деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | А.Кадыркулов |