Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депуттарынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 12-сентябры № 89
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүнү 59,5 гектар жерге транформация кылууга макулдук берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын “ Жер кодексинин” 145-Мыйзамынын 3-беренесинин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 59,5 гектар жерге транформация кылууга 564 контурда 3.3, 817 контурда 10.0 , 815 контурда 2.1, 874 контурда 2.0 , 631/632 контурда 3.6 , 616 контурда 7.1 , 980 контурда 8.3 ,807 контурда 2.2 , 1069 контурда 15.2 , 1247 контурда 5.7 макулдук берилсин.
2.Токтомун аткаруу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г. Жороева |