Редакцияот 23.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V Сессиясы

2021-жылдын 26-ноябры № 17

Жеке турак жай куруучулар үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

       Ничке-Сай айыл аймагынын Узун-Булак, Көк-Кыштоо, Түнтөй жана Капчыгай аймактарынан жалпы 115,74 га жер аянтын турак жай куруу  ар бир жаранга жер аянттын чегин бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Өскөнбаевдин сунушун угуп жана талкулап

 

Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Ничке-Сай айыл аймагынын Узун-Булак, Көк-Кыштоо, Түнтөй жана Капчыгай аймактарынан жалпы 115,74 га жер аянты ар бир жаранга турак жай куруу үчүн 1500 м2  жер аянтынан бекитилип берилсин.        

 

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

3.Токтом мамлекеттик тилде кана кабыл алынды.

 

4. Бул токтом Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg сайтына жарыялаган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.           

 

 

Ничке-Сай айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

Эргеш уулу Нурсултан