Редакцияот 11.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

Бириккен Ылай-Талаа айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы

2024-жылдын 21-февралы №1/3                                  

«Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси

айылдык кеңешин түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ылай-Талаа айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. «Ылай-Талааайылдык кеңеши» мекемеси жана «Чалма» айылдык кеңеши мекемеси бириктирүү жолу менен «Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

 

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Ылай-Талинского айылного аймака"   

                                           

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши» М-и.

- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Ылай-Талинского айылного аймака".

 

2. «Ылай-Талааайыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин.

 

3. «Ылай-Талааайыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Ылай-Талаа айылы, Раимкул Сатыбаев көчөсү №45 болуп аныкталсын.

 

4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.

 

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

  Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

Төрага:

А.Кадыркулов