ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Ылай-Талаа айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 21-февралы №1/4
«Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси
айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ылай-Талаа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ылай-Талааайыл өкмөтү» мекемеси жана «Чалма» айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен «Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Ылай-Талинскогоайылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү» М-и.
- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот Ылай-Талинского айылного аймака".
2. «Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. «Ылай-Талааайыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4. «Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Ылай-Талаа айылы, Раимкул Сатыбаев көчөсү №45 болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: | А.Кадыркулов |