Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депуттарынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 12-сентябры № 91
К.Раимбеков мектеп-гимназиясынын директеру М.Апархановдун арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө » Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция» боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Раимбеков мектеп-гимназиясынын директору М.Апархановдун арызы негизинде мектеп-гимназиясынын чатырын алмаштырууга, Өзгөн райондук Өнүктүрүү фондуна иш-кагаздарын даярдап тапшырылсын, калган өздүк салым акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 2023-жылдагы кошумча аткарылган жана үнөмдөлгөн акча каражаттардын эсебинен курулуш иштеринин сметасынын суммасына ылайык бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г. Жороева |