Редакцияот 12.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2024-жылдын 26-январы  № 28/1

Жошолу  айыл өкмөтүнүн  2023-жылга  социалдык –экономикалык көрсөткүчтөрдүн  аткарылышы, 2024-2025-2026- жылдарга социалдык экономикалык жактан  өнүгүүсү боюнча  болжолдуу пландарынын долбоору  жөнүндө

 

Жошолу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, 2024-2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча болжолдуу пландарынын долбоору жөнүндө Жошолу айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Жошолу айыл  өкмөтүнүн  2023-жылга социалдык–экономикалык көрсөткүчтөрдүн      аткарылышы, жылдын  жыйнтыгы боюнча  Жошолу  айыл өкмөтүнүн башчысы   Ж.Орозбай  уулунун  билдирүүсү жактырылсын .

 

2. Айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга карата социалдык–экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыздоо үчүн Ата Мекендик , Чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.

 

3.  Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айылдык  кенештин бюджет жана экономика боюнча  туруктуу комиссиясына жана айылдык  кенештин төрагасына  калтырылсын. 

 

Төрага:

А.Танаев