Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын X- чакырылыштагы 6-сессиянын 2-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 17-июлу № 6/2
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы
жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ак-Муз айылынын тургуну "Ак-Тиле" айыл чарба кооперативин жетекчиси Сайыров Мирлан Муканбетович 2017-жылы 10- апрелде келишимге ылайык Ак-Моюн айылынын жайыт жеринде жайгашкан "Арашан" минералдык суусун ташып иштетип, айыл өкмөтүнө 1-жылга 7-айга 56000 сом төгүп турууга келишимде кол коюлуп көрсөтүлгөн, тилекке каршы 2019-жылга 10000 (он миң) сом , ал эми 2020-жылга эч кандай акча төгүлгөн жок, Мындан сырткары келишимде көрсөтүлгөн жол маселеси ондолгон жок, натыйжада бүгүнкү күнгө 102000 (жуз эки мин) сом төөгүсү керек болчу. Ошондуктан жол ондоп акчаны төгүүгө 15 күн мөөнөт берилсин эгер ишке ашырбаса физкалдык органдарга кайрылып ишин токтотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Алыбаевге тапшырылсын.
Төрага: | К.Асаналиев |