Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-декабры № 10/2
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жылдык бюджетинен калган калдык акчаны бөлүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы
жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жылдык бюджетинен калган калдык акча төмөндөгүдөй бөлүнсүн.
№ | Аталыштары:
| Суммасы (миң сом): |
1 | Ак-Моюн жана Бирлик айылдарынын балдар бакчасына, балдардын тамак-ашына | Тамчы-Булак – 220 000 Бирлик-Таазим – 220 000 Баары: 440 000 |
2 | Ак-Моюн жана Бирлик айылдарынын мектебине тамак-аш үчүн | А.Койчуманов – 100 000 С.Мурзакматов – 80 000 Баары: 180 000 |
3 | Жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн токой чарбасына | Мурдагы карыз акча – 24 000 2021-жылга 50 000 Баары: 74 000 |
4 | Ак-Моюн жана Бирлик айылдарын борбордук көчөлөрүнө видео көзөмөл орнотууга | 50 000 |
5 | Бирлик айылына жаны конушка таза суу түтүгүн киргизүү үчүн | 200 000 |
6 | Ак-Моюн айылынын фотосъемкасын чийдирүүгө жана жер аянттарын токтоо үчүн | 600 000 |
7 | Ички жолдорго көпүрө коюу үчүн азбест труба алууга | 150 000 |
8 | Ак-Моюн айылдык спорт комплекске | 250 000 |
9 | Жаштар уюмуна спорттук форма алуу жана А.Койчуманов орто мектебинин спорт залына кошумча кире бериш кошуу үчүн | 73 400 |
10 | Бирлик айылына алмабак тигүүчү аянттын айланасын тосуу үчүн | 80 000 |
11 | Жылыткыч алуу үчүн | 7 000 |
12 | Айыл өкмөтүнүн кызматтык авто машинасын (нива) оңдоо үчүн | 50 000 |
|
Баардыгы:
|
2 154 400 |
2. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Черикбаевге тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Асаналиев |