Редакцияот 03.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 3-марты № 2/2

Ак-Моюн айылында курулуп жаткан кичи футболдук аянтчага Ак-Моюн айылынын тургунун Байбосунов Кыдырбайдын наамын ыйгаруу жана айыл тургундарына Ак-Моюн айылынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы

жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

 

1.Ак-Моюн айылына курулуп жаткан кичи футболдук аянтчага Ак-Моюн айылынын тургуну Байбосунов Кыдырбайдын наамы берилсин.

 

2.Элге кылган үзүрлүү эмгектери үчүн Ак-Моюн айылынын “Ардактуу атуулу” наамын төмөндөгү айыл тургундарына берилсин.

 

1.  Түмөнбаев Болот Өмүрович

2.  Көбөнова Жаңыл Чүкүковна

3.  Ыбышов Улан Майрамбекович

4.  Асаналиев Конокбек Капарович

5.  Жумакадырова Болду

6.  Качкынбаев Султан

7.  Кыдырмаев Токтобай

 

3.Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.

 

Ак-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

К.Асаналиев