АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-марты № 2/4
Ак-Моюн айылында алкоголдук ичимдиктердин сатылышына чектөө киргизүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы
жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Ак-Моюн айылында алкоголдук ичимдиктердин сатылышы боюнча төмөндөгүдөй чектөөлөр киргизилсин.
1)Ак-Моюн айылында кечки саат 18:00 дөн кийин алкоголдук ичимдиктер сатылбасын.
2) 18 жашка чейинки жаш өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары сатылбасын.
2.Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айылында жайгашкан жалпы сатуу мекемелерине жайылтылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Асаналиев |