Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 13-сессиясы
2022-жылдын 12-сентябры № 93
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө чыгаша өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренелерине жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 8 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы каралып, алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңешиши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза –Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылдын 8 айына карата аткарылышынын жыйынтыгынын негизинде төмөндөгү көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн беренелерине өзгөртүү киргизилсин:
- Маданият үй бөлүмүнүн 3111 беренесинен - 1000,0 миң сом;
- Орто мектептер бөлүмүнүн 2215 беренесинен - 126,0 миң сом;
- ЖХК бөлүмүнүн бөлүмүнүн 2222 беренесинен - 80,0 миң сом;
- ЖХК бөлүмүнүн бөлүмүнүн 2221 беренесинен - 80,0 миң сом;
- Айыл чарба бөлүмүнүн 2215 беренесинен - 60,0 миң сом ;
- Мадиният үй бөлүмүнүн 2215 беренесинен - 24,0 миң сом;
- Айыл кеңеш бөлүмүнүн 2222 беренесинен - 50,0 миң сом;
- Бала бакча бөлүмүнүн 2224 беренесинен - 56,0 миң сом ;
- Аппарат бөлүмүнүн 2224 беренесинен - 8,0 миң сом ;
- Орто мектептер бөлүмүнүн 3111 беренесине +1051,0 миң сом;
- ЖХК бөлүмүнүн бөлүмүнүн 2215 беренесине +44,0 миң сом;
- Орто мектептер бөлүмүнүн 3112 беренесине +75,0 миң сом ;
- Бала бакча бөлүмүнүн 2221 беренесине +200,0 миң сом;
- Айыл кеңеш бөлүмүнүн 3112 беренесине +25,0 миң сом;
- Аппарат бөлүмүнүн 3112 беренесине +25,0 миң сом;
- Орто мектептер бөлүмүнүн 3112 беренесине +64,0 миң сом;
2. Бюджеттин чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КРнын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Г. Жороева |