ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
2024-жылы 19-апрели №222
« Үч-Терек айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн, Үч-Терек айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасына жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Токтогул райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы : |
А.Дөөлөткелдиев |