ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылы 04-марты №215
«Үч-Терек таза суу» муниципалдык ишканасынын МТЗ-92 эксковаторун, бюджеттик мекемелердин чарбалык иштерине акысыз иштетүү жөнүндө »
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин айыл өкмөттүн бюджетинин тартыштыгын эске алуу менен «Үч-Терек таза суу» муниципалдык ишканасынын МТЗ-92 эксковаторун, айыл өкмөтүнүн жана айыл өкмөтүнө караштуу бюджеттик мекемелердин (мектеп,бала бакча, маданият тармактары) чарбалык жумуштарын жасатууда жана өзгөчө кырдаалдар учурунда, күйүүчү майын куйдуруп алуу шарты менен акысыз иштетүүгө макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:
1. «Үч-Терек таза суу» муниципалдык ишканасынын МТЗ-92 эксковаторун айыл өкмөтүнүн жана айыл өкмөтүнө караштуу бюджеттик мекемелердин (мектеп,бала бакча, маданият тармактары) чарбалык жумуштарын жасатууда жана өзгөчө кырдаалдар учурунда, күйүүчү майын куйдуруп алуу шарты менен акысыз иштетүүгө макулдук берилсин.
2.Техниканы иштетүүдө бир объектиде 3(үч) күндөн ашык иштеткен учурда кызмат көрсөтүү акысы айыл өкмөттүн бюджетинен төлөөнөрү белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы : |
А.Дөөлөткелдиев |