Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-майы № 63
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек, Ноокат жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 25.05.2024-ж. № 2/1 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 24.05.2024-ж. № 5 - Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш жана Кулатов айылдык кеңештери боюнча;
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 23.05.2024-ж. № 11 - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча.
Жеке арыздардын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 24.05.2024-ж. № 5 - Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айылдык кеңеши боюнча;
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 25.05.2024-ж. № 2/1 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 23.05.2024-ж. № 12 - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 24.05.2024-ж. № 5 - Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш жана Кулатов айылдык кеңештери боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек, Ноокат жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бишкек, Ноокат жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Бишкек, Ноокат жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 28-майындагы № 63 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Бишкек шаары | |||
1 | Бишкек шаардык | Давыдов Эрмырза Давыдович (7) "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 2/1, 25.05.2024-ж. (23.05.2024-ж. өз арызы) |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
2 | Кара-Таш айылдык (№ 4 Нойгут шайлоо округу) | Абдималик уулу Абдисатар | Ноокат АШК, № 5, 24.05.2024-ж. (22.05.2024-ж. өз арызы) |
3 | Кулатов айылдык (№ 1 Абшыр-Сай шайлоо округу) | Топчубаев Абдыманап Калмурзаевич | Ноокат АШК, № 5, 24.05.2024-ж. (14.05.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Кара-Көл шаары | |||
4 | Кара-Көл шаардык | Асранбеков Замирбек Асранбекович (7) "Замандаш" депутаттык фракциясы | Кара-Көл АШК, № 11, 23.05.2024-ж. (06.05.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 28-майындагы № 63 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
1 | Кара-Таш айылдык (№ 4 Нойгут шайлоо округу) | Назир уулу Самат | Ноокат АШК, № 5, 24.05.2024-ж. (22.05.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 28-майындагы № 63 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек шаардык | Айдаралиев Азат Кайыпович (14) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | "Элиот групп" ЖЧК, директор | Бишкек АШК, № 2/1, 25.05.2024-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
2 | Кара-Таш айылдык (№ 4 Нойгут шайлоо округу) | Кожоев Тынишбек Калмаматович | Токтогул атындагы балдар санаториясы, эсепчи | Ноокат АШК, № 5, 24.05.2024-ж. |
3 | Кулатов айылдык (№ 1 Абшыр-Сай шайлоо округу) | Мурзураимов Убайдилла Ташанович | "Арген" дыйкан чарбасы, жетекчи | Ноокат АШК, № 5, 24.05.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Кара-Көл шаары | ||||
4 | Кара-Көл шаардык | Суранов Эрнист Келгембаевич (47) "Замандаш" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Кара-Көл АШК, № 12, 23.05.2024-ж. |