Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2025-жылдын 21-январындагы ПЖ № 9
Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 28-майы ПЖ № 127
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүндө:
- 7-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. "Баатыр эне" ордени
Орден алтындын буусу менен капталган күмүштөн жасалат жана диаметри 40 мм жети бурчтуу жылдыз түрүндө болот.
Жылдыздын борборунда булутсуз көк асманды символдоштурган көгүш эмаль фонунда үйдүн очогунун символу болгон - түндүктүн стилдүү сүрөтү түшүрүлгөн. Түндүктүн үстүндө - "Алтын казык" жылдызынын сүрөтү түшүрүлгөн. Түндүктүн айланасында ак эмаль шакек алкагында алтын жалатылган "Баатыр Эне" деген жазуу жайгаштырылган.
"Баатыр Эне" ордени байыркы кыргыз талисманы - тумар түрүндө аткарылган, 32 мм х 25 мм х 25 мм өлчөмүндөгү тең капталдуу үч бурчтук формасындагы алтындын буусу менен капталган күмүштөн жасалган калып менен көзөнөктүн жардамы аркылуу бириктирилет. Калыптын жогорку четинде рельефтүү кыргыздын улуттук оюму жайгашкан, ал эми калыптын өзү булутсуз асманды жана ак карлуу бийик чокуларды символдоштурган көгүлтүр эмаль менен толтурулган, анын ортосунда ак эмаль үч бурчтук жайгашкан.
Калыптын арткы бетинде - визир тибиндеги таккыч, ал эми ордендин арткы бетинде номери чегип жазылган.";
- 10-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. "Эне даңкы" медалы
Медаль эки бөлүктөн турат - тең капталдуу үч бурчтук формасындагы калыптан жана диаметри 32 мм, бири-бирине көзөнөктүн жардамы менен бириктирилген күмүштөн жасалган өтмө дисктен.
Дисктин тышкы шакекчесинде - "Кыргыз Республикасы" деген тегерете рельефтүү жазуу түшүрүлөт.
Өтмө диск алтындын буусу менен капталган жети бурчтуу жылдыз жана кыюуланган шакекче менен биригет, анын борборунда "Эне даңкы" деген рельефтүү жазуу түшүрүлөт. Жылдыздын борборунда булутсуз асманды символдоштурган көгүш эмаль айлана түшүрүлгөн. Өтмө мейкиндик бирдей чоңдуктун сегменттерин түзөт.
Калып байыркы кыргыз талисманы - тумар түрүндө, 26 мм х 18 мм х 18 мм өлчөмүндөгү тең капталдуу үч бурчтук формасында аткарылган. Калыптын жогорку четинде рельефтүү кыргыздын улуттук оюму жайгашкан, ал эми калыптын өзү булутсуз асманды жана ак карлуу бийик чокуларды символдоштурган көгүлтүр эмаль менен толтурулган, анын ортосунда ак эмаль үч бурчтук жайгашкан.
Калыптын арткы бетинде - визир тибиндеги таккыч, ал эми медалдын арткы бетинде номери чегип жазылган.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-майындагы № 41 (3594) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |