ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2024-жылдын 26-январы № 28/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 994,2 мин сом анын ичинде 0,7 мин сом (атайын каражат ичинде) калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине бекитүү жөнүндө.
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын ушул жылдын бюджетине иштетүү боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбай уулу Женишбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жошолу айыл өкмөтүнүн 2024 - жылдын 1-январына карата 2023-жылдан пайдаланылбай калган 994,2 мин сом акча каражатын (0,7 мин сом атайн каражат ичинде) 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2.Айылдык кенештин заседаниесинде талкууланган 2024-жылдын 1-январына карата 2022-жылда пайдаланылбай калган 994,2 мин сом (0,7 мин сом атайын каражат ичинде) акча каражаты 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча план киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынынын Финансы Министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3.2023-жылда пайдаланылбай калган акча каражаты кредитордук карыздарды каржылоо биринчи кезекте жүргүзүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Орозбай уулу Женишбекке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаєвага жуктелсун.
Төрага: | А.Танаев |