Редакцияот 04.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

2024-жылы 04-марты №218

 

«Саргата айылынын Бөлөкбаев Көкүш көчөсүнө трансформатор сатып алуу үчүн атайын фонддон бөлүнгөн 250миң сом акча каражатынын багытын өзгөртүп берүү жөнүндө»

 

            Саргата айылынын Бөлөкбаев Көкүш көчөсүнө трансформатор сатып алуу үчүн атайын фонддон бөлүнгөн 250миң сом акча каражатынын багытын өзгөртүп, аталган көчөгө электр мамычасын жана электр чубалгыларын алууга макулдук берүү жөнүндөгү Саргата айылынын башчысы Т.Сыдыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI  сессиясы  токтом кылат:

 

            1.Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылынын айыл башчысы Т.Сыдыковдун билдирүүсү эске алынсын.

            2. Бөлөкбаев Көкүш көчөсүнө трансформатор сатып алуу үчүн атайын фонддон бөлүнгөн 250миң сом акча каражатынын багыты өзгөртүлүп, аталган көчөгө электр мамычасын жана электр чубалгыларын алуу үчүн бекитилип берилсин.

            3. Багыты өзгөртүлгөн 250000(эки жүз элүү миң )сом акча каражатын Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 2222 статьясына отургузуп берүү жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

            4. Каралган акча каражатын, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 2222 статьясына отургузууну камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы М.Калбаевке милдеттендирилсин.

            5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевке милдеттендирилсин.

            6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

            7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин

төрагасы :

 

А.Дөөлөткелдиев