Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 14- сессиясы
2022-жылдын 17-октябры № 95
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышын жыйынтыгы менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-беренелерине жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын Мырза –Аке айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы каралып, алардын сунуштарынын негизинде Мырза Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылдын 9 айына карата аткарылышынын жыйынтыгы менен бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнөн жалпы 886,2 миң сомго кыскартылсын:
- Киреше бөлүгүнөн - 886,2 миң сом;
- Орто мектеп бөлүмүнүн 3111беренесинен - 465,2 миң сом ;
- Бала бакча бөлүмүнүн 2221беренесинен - 217,0 ми сом ;
- Бала бакча бөлүмүнүн 3111 беренесинен - 204,0 миң сом ;
2. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КР нын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы,экономика,бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Г. Жороева |