Редакцияот 12.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2024-жылдын 26-январы  № 28/4

Жошолу айыл өкмөтүнүн  маданият үйүнүн алдында уюшулган  чыгармачылык коллективинин  айлык акысын төлөө жөнүндө

 

Жошолу айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн алдында уюшулган чыгармачылык коллективинин 2023-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен айлык акысын төлөө боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбай уулу Женишбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Жошолу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январынан тартып маданият үйүнүн алдында уюшулган чыгармачылык коллективинин айлык акысы 3,0 бирдик штатынын негизинде (МОП) КРО нун 08.04.2021-жылдагы No135-токтомуна ылайык көбөйгөндүгүнө байланышту жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин жана Кыргыз Республикасынынын Финансы Министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

2. Штаттык бирдиктин негизинде кызматкерлердин айлык акысын эсептеп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Эрмекбаєвага милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Орозбай уулу Женишбекке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Танаев