Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-майы № 64
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Чоң-Алай, Жалал-Абад, Ноокен, Ала-Бука жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 28.05.2024-ж. № 1 - Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 28.05.2024-ж. № 5 - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 27.05.2024-ж. № 8 - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылдык кеңеши боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 28.05.2024-ж. № 5 - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 29.05.2024-ж. № 10, № 11 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка жана Фрунзе айылдык кеңештери боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 28.05.2024-ж. № 5 - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 28.05.2024-ж. № 1 - Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 27.05.2024-ж. № 8 - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылдык кеңеши боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 28.05.2024-ж. № 6 - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 29.05.2024-ж. № 10, - Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай, Жалал-Абад, Ноокен, Ала-Бука жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чоң-Алай, Жалал-Абад, Ноокен, Ала-Бука жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Чоң-Алай, Жалал-Абад, Ноокен, Ала-Бука жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 31-майындагы № 64 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Чоң-Алай району | |||
1 | Кашка-Суу айылдык (№ 2 Ачы-Суу шайлоо округу) | Мананов Мурасбек Насиридинович | Чоң-Алай АШК, № 1, 28.05.2024-ж. (27.05.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Жалал-Абад шаары | |||
2 | Жалал-Абад шаардык | Раматиллаева Айзат Абдыкадыровна (3) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. (23.05.2024-ж. өз арызы) |
3 | Сыргабаева Нуржамал Токтогуловна (9) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. (20.05.2024-ж. өз арызы) | |
4 | Худайбердиева Гулмира Токтосуновна (18) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. (20.05.2024-ж. өз арызы) | |
5 | Аким уулу Талантбек (19) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. (22.05.2024-ж. өз арызы) | |
6 | Орозбаев Келдибек Абдиваитович (20) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. (22.05.2024-ж. өз арызы) | |
7 | Юлдашев Наби Ганижанович (23) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. (22.05.2024-ж. өз арызы) | |
8 | Турдукулов Канатбек Турусбекович (28) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. (22.05.2024-ж. өз арызы) | |
9 | Даминов Согдиан Таджидинович (31) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. (22.05.2024-ж. өз арызы) | |
10 | Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич (34) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. (22.05.2024-ж. өз арызы) | |
Ноокен району | |||
11 | Бүргөндү айылдык (№ 4 Жеңиш шайлоо округу) | Калмуратов Окум Насипович | Ноокен АШК, № 8, 27.05.2024-ж. (24.05.2024-ж. өз арызы) |
Ала-Бука району | |||
12 | Ак-Коргон айылдык (№ 2 Калинин шайлоо округу) | Стамбеков Шайырбек Юсупжанович | Ала-Бука АШК, № 5, 28.05.2024-ж. (20.05.2024-ж. өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
13 | Новопавловка айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Койбаков Тилек Жаныбекович | Сокулук АШК, № 10, 29.05.2024-ж. (20.05.2024-ж. өз арызы) |
14 | Фрунзе айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Исмаилов Шаршаке Шамшиевич | Сокулук АШК, № 11, 29.05.2024-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 31-майындагы № 64 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Чоң-Алай району | ||||
1 | Кашка Суу айылдык (№ 2 Ачы-Суу шайлоо округу) | Абыт уулу Бекмурза | Жеке ишкер | Чоң-Алай АШК, № 1, 28.05.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
2 | Жалал-Абад шаардык | Калымбетова Насыйкат Чотуровна (36) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, бөлүм башчы | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. |
3 | Аширова Эльзар Акимбердиевна (39) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | № 5 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыгер | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. | |
4 | Абдыкаарова Айгерим Талантовна (42) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | "Оомат-Транс" ЖЧК, директор | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. | |
5 | Нарбаев Давран Акрамжанович (46) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. | |
6 | Исмаилов Уланбек Чыракбекович (50) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. | |
7 | Абжамилов Чынгыз Абдусаттарович (52) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Калкты каттоо департаментинин 04-04 региондор аралык бөлүмү, башкы адис | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. | |
8 | Умаралиев Жасурбек Хамидуллаевич (55) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. | |
9 | Сатарбаев Эмильбек Раимжанович (58) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. | |
10 | Толонбаев Зубаир Садыкжанович (64) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Жалал-Абад АШК, № 5, 28.05.2024-ж. | |
Ноокен району | ||||
11 | Бүргөндү айылдык (№ 4 Жеңиш шайлоо округу) | Турдалиев Сардарбек Садирович | Жеке ишкер | Ноокен АШК, № 8, 27.05.2024-ж. |
Ала-Бука району | ||||
12 | Ак-Коргон айылдык (№ 2 Калинин шайлоо округу) | Орозбаева Жибекайым Атантаевна | "Кыргыз почтасы" ААКнун Ала-Бука филиалынын Ак-Коргон байланыш бөлүмү, башчы | Ала-Бука АШК, № 6, 28.05.2024-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
13 | Новопавловка айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Султаналиев Эрнис Зарылбекович | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК, № 10, 29.05.2024-ж. |