Редакцияот 04.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

2024-жылы 04-марты №221

 

« М.Нургазиев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонттон өткөрүү мезгилинде бузулуп алынган эски курулуш материалдарын сатуудан түшкөн каражатты мектептин өзүнө жумшоого макулдук берүү жөнүндө»

 

Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу, Үч-Терек айылындагы №29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинин директору Р.Чормошеванын, М.Нургазиев атындагы орто мектеби Республикалык бюджеттин каржылоосу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу, бузулуп алынган эски курулуш материалдарын сатуудан түшкөн каражатты мектептин өзүнүн керектөөлөрүнө жумшоого макулдук берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXVI сессиясы  токтом кылат :

 

1. №29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонттон өткөрүү мезгилинде бузулуп алынган эски курулуш материалдарын сатуудан түшкөн 106000(бир жүз алты миң) сом акча каражатын мектептин өзүнүн чарбалык керектөөлөрүнө жумшоого макулдук берилсин.

 

2.Аталган каражаттардын чыгымдалышына көзөмөл жүргүзүү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин

төрагасы :

 

А.Дөөлөткелдиев