ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII заседаниеси
2024-жылдын 26-январы № 28/7
Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
2024-жылга карата айылдык кеңештин иш планын бекитүү боюнча Жошолу айылдык кеңешинин катчысы Ж.Зикировдун маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жошолу айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы бекитилсин (N° 1 тиркеме).
2. Айылдык кеңештин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планында белгиленген маселелерди жетекчиликке алуу жана аткарылышын камсыздоо айылдык кеңештин депутаттарына, туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.Танаев |
| БЕКИТЕМ Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы:______А.Танаев «26» январь 2024-жыл |
Жошолу айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
26-январь 2024-жылдагы № 28/ 7 токтомунун № 1 тиркемеси
Жошолу айылдык кеңешинин 2024 -жылга түзүлгөн
И Ш П Л А Н Ы:
№ | Заседаниеде каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Отчет берет |
1. | Айыл чарба жерлерин тактоо, КБФнын арендага берилген жерлерин максаттуу пайдалануу, көзөмөлгө алуу боюнча жер адистин жүргүзгөн иштери жана жазгы талаа жумуштары тууралуу. | 1- квартал 3-айында | Жер маселеси боюнча туруктуу комиссия | Жер адис А.Жеенбеков |
2. | Жайытты туура пайдалануу, жайлоо жана жайыт жолдорунун абалы боюнча жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу | 1-квартал | Жер маселеси боюнча туруктуу комиссия | Жайыт төрагасы М.Кенжебаев. |
3. | Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адистин аткарган иштеринин абалы | 1-квартал | Уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия | ӨКТЖКЧ боюнча башкы адис, айыл башчылар |
4. | Пакиза суу ИСКАКБ ишканасынын 2024-жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгы | 2-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | ИСКАКБнын төрагасы Иманахунов А. |
5 | Социалдык маселелер боюнча комиссиянын жүргүзүп жаткан ишинин абалы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун чектелиши | 2-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | Соц.кызматкер |
6 | Салык кызматкерлердин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы | 3-квартал | Бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссия | Салык кызматкерлери К.Төлөнбай уулу |
7 | ВУС кызматкерлеринин жана айыл өкмөтүнүн аймагында айыл башчыларынын аткарган иштери жөнүндө маальмат | 3- квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия | ВУС кызматкери Т.Турганбаев Бардык айыл башчылар |
8
| Куз-кыш мезгилдерине карата мекемелерди, соц.обьектилерди даярдоо, ремонттолушунун абалы | 3- квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | Мектеп, мекеме жетекчилери |
9 | Элге ветеринардык кызмат көрсотүү,жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча вет.адис, вет сервистердин аткарып жаткан иштери жөнундө |
4- квартал |
Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
Ветеринардык адис Алымкулов |
10 | Коомдук алдын алуу борборунун аткарып жаткан иштеринин абалы (аялдар,аксакалдар, жаштар,ардагерлер кеңеши) | 4-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | А.Абдиева, Э.Мантиева, Төлөнбай уулу, Иманахунов А. |
11 | Жошолу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчету. | 4-квартал | Бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссия | Б.Эрмекбаева А.Мамасалиева. |
12 | Жошолу айыл өкмөтүнүн 2024-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жыйынтыгы | 4-квартал | А/ө башчысы, тиешелүү жооптуу кызматкерлер | Ж.Орозбай уулу. |
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы: Ж.Зикиров