Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депуттарынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 27-октябры № 99
Комиссия курамын түзүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө » Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Пэрите Коал” ЖЧК көмүр кенин жерине барып, көрүп келүүгө төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн.
1) «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жолуев –комиссиянын төрагасы.
2) “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы М.Джаныбеков-комиссиянын мүчөсү.
3) «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын мүчөсү Ж.Эргешев –комиссиянын мүчөсү.
4) «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын мүчөсү Э.Жороев-комиссиянын мүчөсү.
5) Айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаев-комиссиянын мүчөсү
6) Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Раимкулов –комиссиянын мүчөсү.
7) «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү М.Апарханов –комиссиянын мүчөсү.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым: | Г. Жороева. |