ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2024-жылдын 26-январы № 28/12
Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагында Зоналык коеффициентти (Кз) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы №4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жошолу айыл аймагында жер салыктарын эсептөө үчүн К3-зоналык коэффициенти 1,0 болуп бекитилсин.
2.Мүлк салыгын эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн салык кызматкери К.Төлөнбай уулуна милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Танаев |