Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 15- сессиясы
2022-жылдын 27-октябры № 100
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 12 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-беренелерине жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын Мырза –Аке айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 4 кварталынын киреше бөлүгү аткарылышы алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Мырза Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн киреше салыгына -1605,0 миң сом кошумча план киргизилсин жана чыгаша бөлүгү төмөндөгү чыгашаларга сарпталсын:
- Калмурзаев орто мектебине кател курууга 489,4 миң сом;
- Санта –Эне балдар бакчасынын жанындагы 2 сотых муниципалдык жер аянтчасына имарат салууга 667,5 миң сом ;
- Келечек балдар бакчасын косметикалык ремонттон өткөрүүгө 200,0 миң сом;
- Ак-Бүчүр балдар бакчасына видео көзөмөл орнотууга 138,1 миң сом ;
- Маданият үй бөлүмүнө форма сатып алууга 110,0 миң сом;
2. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КРнын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Г. Жороева |