Редакцияот 26.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин кезексиз II сессиясы (V чакырылыш)

2021-жылдын 26-августу № 6

Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун курамын бекитүү жөнүндө

           Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 6 главасынын ченемдерине ылайык, Ош шаардык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

      1.Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун  курамы бекитилсин (тиркеме №1).

       2.Токтом  мыйзамдарда каралган тартипте  каттоодон өткөрүлсүн (У.Суеркулов) жана  жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (С.Маматалиева).

       3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисине (К.Камчиев) жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Назылбеков

 

 

Ош шаардык Кеңешинин    

2021-жылдын 26-августундагы

№6 токтомуна №1  тиркеме

 

 

Ош шаардык Кеңешинин  Президиумунун курамы

 

1. Ош шаардык Кеңешинин төрагасы;

2. Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары;

3. “Ата Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын  башчысы;

4. “Биздин Кыргызстан” депутаттык фракциясынын башчысы;

5. “Улуттар биримдиги”  депутаттык фракциясынын башчысы;

6. “Бир бол” депутаттык фракциясынын башчысы;

7. ”Аманат” көпчүлүк коалициясынын башчысы;

8. Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы;

 9. Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик,  мүлк, экология,  агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы;

10. Мыйзамдуулук , укук-тартип, депутаттык этика, Регламент, мандат жана дин маселелери боюнча  туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы;

11. Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты   (маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, туризм, коомдук  уюмдар, партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары) маселелери  боюнча туруктуу депутаттык  комиссиясынын төрагасы;

12.Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы;

13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк,  тышкы экономикалык байланыш,  кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы.

 

Ош шаардык Кеңешинин

аппарат жетекчиси                                                                                 К.Камчиев