Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депуттарынын кезексиз XVI сессиясы
2022-жылдын 29-ноябры № 102
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч катынын негизинде “Калпак” участкасындагы 10 га жер аянты таштанды төгүүчү жайга берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г. Жороева |