Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депуттарынын кезексиз XVI сессиясы
2022-жылдын 29-ноябры № 103
Комиссия курамын түзүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Пэрите Коал” ЖЧК көмүр кени тарабынан жардам иретинде берилген акча каражатынын иштелишине көзөмөл кылууга комиссия курамы түзүлсүн.
1) Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы М.Джаныбеков-комиссиянын төрагасы.
2) “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Туташева-комиссиянын мүчөсү.
3) «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жолуев –комиссиянын мүчөсү
4) «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын мүчөсүЖ.Эргешев –комиссиянын мүчөсү.
5) “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын мүчөсү Ж.Айтбаева - комиссиянын мүчөсү,
6) “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын мүчөсү Б.Өмүрзаков -комиссиянын мүчөсү
7) «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү М.Апарханов –комиссиянын мүчөсү.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым: | Г. Жороева. |