КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2024-жылдын 27-январы № 22/8
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө негиз Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн статист-экономисти А.Култаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планы толуктоолор менен бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбековго жүктөлсүн.
Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Нажимидинов |