Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 16-сессиясы
2022-жылдын 29-ноябры № 104
“Пэрите Коал” ЖЧК көмүр кен казуучу ишканасы тарабынан Мырза-Аке айыл өкмөтүнө демөөрчүлүк жардам катары акчалай берилген 2250,0 миң сом акча каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109 –беренелерине жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын Мырза-Аке айыл өкмөтүнө “Перити Коал” ЖЧК кен казуучу ишканасы тарабынан Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счетуна демөөрчүлүк жардам катары акчалай берилген 2250,0 миң сом акча каражатынын жумшалышы алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Пэрите Коал” ЖЧКкен казуучу ишканасы тарабынан Мырза-Аке айыл өкмөтүнө демөөрчүлүк жардам катары акчалай төгүлгөн 2250,0 миң сом акча каражаты “Мырза-Аке Тазалык” МИ сы каржылансын жана социалдык коргоо бөлүмүнүн атайын эсеп счетундагы акча каражаты которулуп берилсин.
2. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КР нын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Г. Жороева |