КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 1-сессиясы
2024-жылдын 22-февралы № 1/3
“Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 “пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчилике алып, Кара-Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор жана Кашка-Жол айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: “Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси;
-Расмий тилде: Учереждение”Айылный кеңеш Кара-Кочкорского айылного аймака”
Кыскартылган фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши” м-и.
-Расмий тилде: У-е ”Айылный кеңеш Кара-Кочкорского айылного аймака”
2. Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.
3. Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп , Кыргыз Респбуликасы, Ош обулусу, Кара-Кулжа району , Кара-Кочкор айылы, С.Камчыбеков көчөсү №2 болуп аныкталсын.
4.Юридикалык жактын уюштуручусу -жергиликтүү кеңештин депутаттары.
5.Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсун.
Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: | М.Б.Нажимидинов |