КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 1-сессиясы
2024-жылдын 22-февралы № 1/4
“Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 “пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчилике алып, Кара-Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Кара-Кочкор” айыл өкмөтү мекемеси жана “Кашка-Жол” айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: “Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси;
-Расмий тилде: Учреждение”Айыл окмот Кара-Кочкорского айылного аймака”
Кыскартылган фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтү” м-и.
-Расмий тилде У-е ”Айыл окмот Кара-Кочкорского айылного аймака”
2.”Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4. Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп , Кыргыз Респбуликасы, Ош обулусу, Кара-Кулжа району , Кара-Кочкор айылы, С.Камчыбеков көчөсү №2 болуп аныкталсын.
5.Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсун.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Кара-Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Б.Нажимидинов |
БЕКИТИЛДИ “_____” айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын _____ ________ токтому менен
| БЕКИТИЛДИ “_____” айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын _____ ________ токтому менен |
Өткөрүп берүү актысы
___________ айылы «____» _________ 2023-ж.
____________ райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын ___ ____________ №____ буйругу менен түзүлүп бекитилген төмөндөгү комиссия курамы:
_______________ (ФИО) комиссиянын төрагасы,
_______________ (ФИО) комиссиянын мүчөсү,
_______________ (ФИО) комиссиянын мүчөсү
төмөндөгүдөй Өткөрүп берүү актысын түздүк.
«_____________» айыл өкмөтү мекемеси жана «_______________» айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен «________________» айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп кайра түзүлүп мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып, Мекемелердин бардык укутары жана милдеттери укук улантуучуга өтөт деп эсептелинсин, атап айтканда:
Мекеме төмөнкү документтерди тиркемеге ылайык укугу өтүүчүгө өткөрүп берет:
1.1. Мекеменин уюштуруу документтерин.
1.2. Мекеменин балансындагы мүлккө болгон укуктарын ырастоочу документтер.
1.3. Мекеменин ички документтери жана отчетторун.
1.4. Бухгалтердик документтерин жана отчетторун (бухгалтердик баланстар, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттор, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган финансылык отчетко тиркемелер, финансылык отчеттун аныктыгын ырастаган аудитордук отчеттор, түшүндүрмө каттар).
1.5. Архивге туруктуу сактоого өткөрүлүп берилген мекеменин иш кагаздарынын инвентаризациясы.
1.6. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен мекемелик документтерди жок кылууга берүү жөнүндө актылар.
Ушул Өткөрүп берүү актысына ылайык, Мекеменин бардык укуктары жана милдеттери Укугу өтүүчүгө өтөт.
Мекемелер өткөрүп берет, ал эми Укугу өтүүчү бардык карызкорлорго, кредиторлорго, ошондой эле Мекемелерге өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткаргандыгы же тиешелүү милдеттенмелери токтотулгандыгы жөнүндө билдирбеген бардык кредиторлорго карата бардык укуктарды жана милдеттерди өзүнө алат.
Бул Өткөрүп берүү актысына Мекемеден көчүрмөлөрдү ырааттуу өткөрүп берүүнүн натыйжасында ыйгарылуучу тарап тарабынан ырааттуу түрдө кол коюлат жана бирдей юридикалык күчкө ээ үч нускада түзүлөт.
Тиркеме: _______ баракта.
_________________________________________________ комиссиянын төрагасы,
_________________________________________________ комиссиянын мүчөсү,
_________________________________________________ комиссиянын мүчөсү.
Өткөрүп берди «____________» айыл өкмөтү мекемесинин башчысы | Өткөрүп берди «____________» айыл өкмөтү мекемесинин башчысы | Өткөрүп алды: «____________айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин башчысы
|