Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги экинчи сессиясы

2024-жылдын 17-апрели № 2/5

         Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштерине тоскоол жана мектеп окуучуларына кооптуулук  жараткан бак-дарактарды кыюу жана бутоо  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-июнунундагы № 66 Токой кодексинин 10-беренесине негиз  Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси И.Курманбаевдин  маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштерине тоскоол жана мектеп окуучуларына кооптуулук жараткан бак-дарактарды кыюу жана бутоо жагы колго алынсын .

 

2. Кыйылган дарактардын ордуна ынгайына карап жаш көчөттөр отургузулсун.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Агрардык, азык-түлүк, жер жана жер ресурстары , жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси И.Курманбаевке    тапшырылсын.

 

Төрага:

М.Нажимидинов