Загрузка документа…
КОШ-ДӨбӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 20/2
Кош-Дѳбѳ айылындагы «Мынагелди» кербен сарайынын чеби тарыхый мурас катары эсепке алуу, коргоону камсыз кылуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 26.07.1999жылдагы «Тарыхый мурастарды коргоо жана пайдалануу жѳнүндѳ» №91 мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» №101 мыйзамынын 47-беренесинин 1-пункттунун 3-пунктчасына ылайык, Депутаттардын Кош-Дѳбѳ айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дѳбѳ айылынын чыгыш тарабында жайгашкан «Мынагелди» кербен сарайынын чеби Кош-Дѳбѳ айыл аймагынын учетуна алынсын.
2. «Мынагелди» кербен сарайынын чебинин аянты такталсын.
3. «Мынагелди» кербен сарайынын чебинин аяланасында курулуш иштери жүргүзүлбѳсүн.
4. «Мынагелди» кербен сарайынын чебинин айланасындагы кѳрүстѳн катары пайдаланып келген жерлерге мындан ары сѳѳк коюлбай чектѳѳ киргизилсин.
5. Кѳрүстѳн үчүн башка жерден жер аянты бѳлунүп берилсин.
6. «Мынагелди» кербен сарайынын чебинин айланасы тосулуп, «Мынагелди» кербен сарайынын чеби деген аталыштагы табличка орнотулсун.
7. «Мынагелди» кербен сарайынын чебин коргоого алуу, айланасын тосуу, табличка орнотуу, археологиялык эстеликтин укугун күбѳлѳндүрүүчү документтерин бүткѳрүүгѳ жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
8. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кош-Дѳбѳ айыл аймагына караштуу Кош-Дѳбѳ айылында жайгашкан «Мынагелди» кербен сарайынын чебин тарыхый мурас катары таануу максатында, коргоого алуу сунушун киргизип берүү суралсын.
9. «Мынагелди» кербен сарайынын чебин коргоого алуу, айланасын тосуу, табличка орнотуу, археологиялык эстеликтин укугун күбѳлѳндүрүүчү документтерин бүткѳрүү, пайдалануу иштерин жүргүзүү, Кош-Дѳбѳ айыл аймагынын айыл окмѳт башчысы А.С.Курманалиевге милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
А.Иманалиев. |