ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 28-марты № 1/2
Алыскы жана жакынкы жайыттарды пайдалануу боюнча бирдиктүү тарифтерди бекитүү жана жер саясаты боюнча айыл өкмөтүнүн 2024-жылга милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2 –пунктунун негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын уюштуруу сессиясында жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында жана Ылай-Талаа айыл аймагындагы өткөрүлгөн элдик жыйынын протоколдорунда көрсөтүлгөн 2024-жылга жайыт пайдалануучулардын мал-жандыктар үчүн жайыт пайдалануу тарифтерин бекитүү жөнүндө токтомун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:
- 2024-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөнүн өлчөмдөрү:
Ийри мүйүздүү 1 баш үчүн - 100 сом,
Кой-эчкилер 1 баш үчүн - 20 сом,
Жылкылар 1 баш үчүн - 100 сом.
Сырттан келген мал-жандыктар үчүн:
Ийри мүйүздүү 1 баш үчүн - 200 сом,
Кой-эчкилер 1 баш үчүн - 40 сом,
Жылкылар 1 баш үчүн - 200 сом
2.Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө пайдалануу үчүн участокторунан жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
3.Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт жердин аянтты 20 775га пайдаланган жер аянтка жер салыгы 1 га үчүн 5,30 сомдон коэффициенттен инфляция 1,034 сомдон бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А.Кадыркулов |