Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бириккен Жайылма айылдык кеңешинин 2 сессиясы

2024-жылдын 18-апрели № 6

 

Жайылма айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жайылма айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жайылма айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Жайылма айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайылма айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Жайылма айылдык кеңешинин төрагасына жана Жайылма айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Жайылма айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.М. Жонгучкаев