Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Жайылма айылдык кеңешинин 3 сессиясы
2024-жылдын 26-апрели № 8
Жергиликтүү бюджеттен биргелешип каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө
“Муниципалдык ишканага жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу” долбоорунун алкагында, долбоордун сметалык баасы 811 690 миң сомду түзөт, Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен жыл башына бош калган калдык эсебинен, биргелешип каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө, айыл ѳкмѳт башчысы М.Т. Джолдошевдин маалыматын карап чыгып, талкуулап, пикир алмашып, Жайылма айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Муниципалдык ишканага жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу” долбоорунун жергиликтүү бюджеттине биргелешип каржылоого 362,0 миң сом акча каражат берилсин.
2. Негизги эсеп боюнча бош калдыкты бекитүү:
70629 “Башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмү 2222 беренеси боюнча“ Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу” муниципалдык ишканага жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу - 362,0 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБнүн башчысы З.Б. Акаевага жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К.М. Жонгучкаев |