Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2024-жылы 13-майы №31
« Токтогул шаарынын аймагында эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды орнотуунун эрежелери жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 05.03.2024-жылдагы “КР аймагындагы эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу №96 токтомунун, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 20.03.2024-жылдагы №58-б буйругунун негизинде, Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 16.04.2024-жылдагы № 01-17/492 сунушу “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясынын 13.05.2024-жылдагы жыйналышында каралган.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын корутундусун, башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, токтом кылат:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиясынын корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Токтогул шаарынын аймагында эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды орнотуунун эрежелери жөнүндө жобо сессиянын жүрүшүндө айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жобонун талаптарына ылайык иш алып баруу, мында белгиленген эрежелердин сакталышын камсыз кылуу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү комиссияларга (У.Тойчубеков, К.Кенжеев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
.
.
Төрага : | М.Т. Борбугулов |
БЕКИТИЛДИ Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 13.05.2024-жылдагы кезексиз XXXI сессиясынын № 31 токтомуна Тиркеме |
Токтогул шаарынын аймагындагы эстеликтерди, стелаларды обелисктерди мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды долборлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө жобо
1-глава. Негизги жоболор
1. Ушул жобо шаардын аймагындагы эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды (мындан ары-эстеликтер) долборлоо жана орнотуу процесстерин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.
2. Ушул жобо Токтогул шаарынын аймагында эстеликтерди долбоорлорунун, орнотуунун, эсепке алуунун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3. Эскиздик долбоор жер участогунда обьектти оптималдуу жайгаштырууну тандоого жана андан ары долборлоо үчүн шарттарды жана талаптарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү алдын ала техиикалык-экономикалык көрсөткүчтөр менен обьекттин негизги функционалдык-пландоо жана көлөмдүк-мейкиндик параметрлерин аныктоочу келечектеги обьект жөнүндө жалпы түшүнүк 6epүүчү долбоорлук чечимдердин баштапкы баскычы.
4. Эстеликтерди долборлоо, даярдоо жана орнотуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексииин, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
5. Монументалдык даңазалоонун республикалык планына киргизилбеген, шаар куруу документтерине, жер пайдалануу жана куруу эрежелерине, ошондой эле ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген Эстеликтерди орнотууга жол берилбейт.
6. Эстеликтерди бир административдик-аймактык бирдиктин аймагында Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, илим, маданият ишмерлеринин жана башка адамдардын, баатырдык көрсөткөн адамдардын, чет өлкөлүк жарандардын, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка баатырлардын элесин түбөлүккө калтырууга бир жолу жол берилет.
2-глава. Эстеликтерди орнотуу жөнүндө маселелерди кароонун жана чечүүнүн тартиби
7.Эстеликтерди орнотуу жөнүндө демилгечилердин сунуштары тиешелүү администрациялык–аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан каралат, ал жөнүндө жобо жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилет.
8. Комиссия демилгечилердин келип түшкөн төмөндөгүдөй документтерин
карайт:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин, l00дөн (жуздөн) кем эмес демилгечилерден турган жарандардын тобунунг өтүнүчү;
2) тарыхый же тарыхый-биографиялык маалымкатты, окуянын аныктыгын же элеси түбөлүккө калтырылуучу адамдын сиңирген эмгегин ырастаган архивдик документтердин көчүрмөлөрүн, мемориалдык тактадагы жазууда камтылган фактыларды, ошондой эле элесин калтыруу түбөлүккө зарылдыгын ырастаган маалымкаттарды;
3) Обьектинин жайгашкан жери жана анын курулушунун өлчөмү жана мүнөзү белгиленген карта-схеманы;
4) Элеси түбөлүккө калтырылуучу адамдын жашаган мезгилин көрсөтүү менен жарандын административдик-аймактык бирдиктин аймагында жашаган мезгили жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын архивдик маалымкатын;
5) Ушул Жобого ылайык бекитилген Эстеликтин алдын ала эскизин жаиа андагы жазуулар боюнча сунуштарды;
6) Имараттын, курулуштун, курулманын менчик ээсинин же башка ээсинин, жер участогунун укук ээсинин эстеликти орнотууга макулдугунун жазууу жүзүндөгү ырастамасын;
7) Эгерде эстеликти орнотуу учун көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн пайдалануу болжолдонсо, көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде белгиленген тартипте алынган макулдугун беруу зарыл;
8) Демилгечилердин иштөө каржылоо боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси;
9. Ыйгарым укуктуу комиссия сунушту кароонун натыйжалары боюнча Эстеликти орнотуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө сунуштамаларды даярдайт жана аларды Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын бекитүүсүнө жиберет, ал эстеликти орнотуу же аны орнотуудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат.
10. Эгерде Эстелик Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнүн олуттуу салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, баатырдык көрсөткөн адамдардын, чет өлкөлүк жарандардын, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка баатырларынын элесине көздөбөсө, аны орнотуу жөнүндө чечим түбөлүккө калтыруу максатын тиешелуу административдик-аймактык тиешелүү бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
11. Эстеликтерди долборлоону жана орнотууну баштоо үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын чечими саналат.
12.Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элеси түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оң чечиминин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы Эстеликти орнотуу жөнүндө зарыл болгон чечимдерди кабыл алат.
13.Административдик-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан сунуштарды кароонун жана демилгечиге жүйөлүү жооп берүүнүн жалпы мөөнөтү демилгечинин сунушу келип түшкөн учурдан тартып календардык күндөн ашпоого тийиш.
3-глава. Эстеликтерди жасоо, орнотуу жана аларды демонтаждоо
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча орнотулуучу эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, жана башка мемориалдык курулмаларды кошпогондо, Эстеликтерди жасоо жaнa орнотуу жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугун массалык чогултуунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
15. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оң чечиминин негизинде Эстеликтерди орнотуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү мыкты эскиздик долбоорго алдын ала өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат. Ар бир конкурсту өткөрүүнүн тартиби мамлекеттик орган, тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилет.
151.Токтогул шаарынын борбордук аянтында жана ага жакын жайгашкан жерлерде архитектуралык көрүнүштү жакшыртуу, композициялык бүтүндүктү сактоо максатында мында 2024-жылдан баштап 2034-жылга, тактап айтканда 10 (он) жылга чейин эстелик, бушка курулмалардыв орнотууга мараторий жарыялагандыгы эске алынсын.
16. Долбоорлорду жана Эстеликтерди орнотулуучу ордун макулдашууга төмөнкү талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүү;
2) Эстеликти жер участогуна жайгаштырган учурда шаар куруу кырдаалын, айланадагы курулуштарды жана шаар куруу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жайгаштырууну милдеттүү эсепке алуу;
3) Мемориалдык тактанын өлчөмү жайгаштырылуучу маалыматтын көлөмү менен аныкталат жана алар орнотулуп жаткан имаратка, курулушка, курулмага шайкеш келүүгө, бирок 900*600мм өлчөмүнөн ашпоого тийиш;
4) Мемориалдык тактаны имараттын, курулуштун жана курулманын фасадына жайгаштырууда, мурда орнотулган обьекттердин бар экендиги эске алынат. Мемориалдык тактанын жанында мемориалдык тактанын тексти менен байланышпаган башка маалыматтар (мекемелердин көрнөктөрү, жарнактары, кулактандыруулары ж.б) болбоого тийиш.
5) Мемориалдык такта жерден эки метрден кем эмес бийиктикте, жакшы көрүнгөн жерге орнотулууга тийиш;
6) Эстеликтерди жайгаштырууда мурда орнотулган обьектердин болушу эске алынат жана алардын ортосундагы аралык 1000 метрден кем эмес радиуста сакталат.
17.Эстеликтер белгиленген тартипте макулдашылган эскиздик долбоорлор боюнча бышык материалдардан (табигый таш, металл, эритме таасирлерге туруштук берген материалдар) жасалат.
18. Тарыхый окуянын мааниси, инсандын сиңирген эмгеги же баатырдын маанилүүлүгү мемориалдык тактада кыркым аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдердеги кыскача тексте чагылдырылат. Чет тилиндеги жазууну колдонууга жол берилет.
19. Мемориалдык такталардын композициясында тексттен тышкары унутулгус окуяларды, декоративдик элементтерди чагылдырган портреттик же стилдештирилген сүрөттөлүштөр киргизилиши мүмкүн.
20. Эстеликтердин архитектуралык-көркөм чечим алар орнотула турган жердин мүнөзүнө, алар жаңы элемент катары киргизилип жаткап чөйрөнүн өзгөчүлүктөрүнө карама-каршы келбеши керек.
21. Эстеликтерди демонтаждоо төмөндөгүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) Эстеликтерди оңдоо жана реставрациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө;
2) Эстеликтерди оңдоо жана реставрациялоо боюнча иштерди мүмкүн болбогондо;
3) Мемориалдык такта орнотулган имарат, курулуш жана курулма бузулганда;
4) Эстелик өзүм билемдик менен орнотулган обьект катары таанылган учурда.
22.Кароонун зарыл болгон жол-жоболорунун комплексинен өтпөстөн өзүм билемдик менен орнотулган эстеликтер өзүм билемдик менен орнотулган обьекттер болуп саналат жана ушул Жободо каралган тартипте демонтаждалууга тийиш.
23. Имаратка, курулушка жана курулмага орнотулган мемориалдык такта анын ажырагыс көркөм-архитектуралык элементи болуп саналат. Оңдоо иштери аяктагандан кийин имараттардын фасаддары талаптагыдай абалда сакталууга тийиш.
24. Муниципалдык аймакта жайгашкан Эстеликти муниципалдык башкарууга өткөрүп берген учурда муниципалдык кызматтар тарабынан андан аркы учурдагы күчтүү чоң курулушу буткөн Эстеликти тиешелуу кабыл алуу, өткөрүп берүү акты менен кабыл алуу жол жобосу милдеттүү.
Муниципалдык аймакта орнотулган Эстеликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчикти башкаруусуна өткөрүлүп берилет, алар эсепке алат, бирдиктүү реестр түзөт, белгиленген эстеликтерди коргоону, күтүүнү жана оңдоону жүзөгө ашырат.
Төрага : | М.Т. Борбугулов |