ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2024-жылы 13-майы №32
«Токтогул шаарынын борбордук аянтына жана ага жанаша жайгашкан жерлерге эстелик орнотууга мораторий жарыялоо жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, токтом кылат:
- Токтогул шаарынын борбордук аянтынын жана анын айланасындагы эстеликтердин архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу, алардын бири-бири менен композициялык жактан байланышын сактоо боюнча айтылган сунуштар эске алынсын.
- Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап, борбордук аянтта эстеликтерди, стеллаларды, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык курулмаларды орнотууга убактылуу тыюу салынсын, 10 (он) жылдык мөөнөткө мораторий жарыялансын.
- Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Кенжеев) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
.