Редакцияот 11.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

  Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 5-сессиясы

2021-жылдын 11-августу № 2

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 06.08.2021-жылдагы № 298-катын кароо жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 06.08.2021-жылдагы № 298-катынын негизинде айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын 5-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.

2. Момбеков айыл аймагындагы Момбеков чек ара заставасынын имараты жана жер аянты муниципалдык менчикте катталып тургандыктан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын балансына ѳткѳрүлүп берилбесин.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы укук коргоо жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктѳлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин

төрагасы

 

И. Абдыразак уулу